www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келээрки жылдын эң маанилүү саясий таймашы али алдыда. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо куда түшкөн, бири-бири менен үлпөт үйүнө аттанган саясий күчтөр арбын болгон. Ал союздан өздөрүнө парламенттен орун кымтып кеткен жан бактылар дагы далай чыккан. Алардын бири учурдагы “Республика - Ата Журт” фракциясынан депутат Бактыбек Райымкулов. Ал убагында дал ушул жаңы курулган “үй-бүлөнүн” жардамы менен жылуу креслодон орун алган.

2020-жылы өтө турган парламенттик жарышта бул эки саясий күч өз алдынча шайлоого аттанганы турат. Бирок, учурда Жогорку Кеңеште толук кандуу бир олчойгон фракция. Негедир Райымкулов саясий оюндарды азыртадан баштаганбы, айтор өзү отурган бутакты кыркып, “Ата Журт” партиясына карата сын пикирин айтыптыр. Ага партиянын тең төрагасы Камчыбек Ташиев катуу жооп кайтарып, муштумун түйүптүр. Жакында экөөнү октагондо дагы көрүп калсак, таң калбайлы.  

"Урматтуу депутат Райымкулов! Сиздин "Ата Журт" партиясы боюнча берген интервьюңузга жооп жазып коеюн. "Республика - Ата Журт" партиясына илешип жүрүп депутат болгонсуз, өзүңүзчө боло элексиз, болушуңузга күмөн да санаймын. А биздин "Ата Журт" партиясы боюнча ооз ачканга моралдык укугуңуз жок, ушул партия бар үчүн парламентте олтурдуңуз. Ал эми "бирөөлөргө бир аз кошоматчылык кылсам эле дагы депутат болом" деп жүрөсүзбү?.. Саткындарды, эки жүздүүлөрдү, бийлик үчүн жанын сатканга даяр болгондорду элибиз да билип, түшүнүп эле турат. Так что, сиздин да депутат болушуңузга чооң күмөнүм бар, сизди кайсы партия катарына кошсо да өтө чоң жаңылышат жана менин саясий каршылашым болот. Ошондуктан кыргыз элимде айтылган сөз бар "ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө" деген. Мындан ары күтө бериңиз, мен саясаттан кеткен жокмун, эми сазайыңарды берем!" - дейт Камчыбек Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости