www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ ФБРдин мурдагы агенти Роберт Левинсон тууралуу маалыматка 25 миллион доллар берет. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 20 миллиондук сыйлык АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы тарабынан жарыяланган. Буга чейин ФБР Левинсон тууралуу маалыматка 5 миллион доллар бере турганын жарыялаган. Ошентип, агент тууралуу маалымат үчүн сыйлык 25 миллион долларды түзөт.
Роберт Левинсонду издөөдө орусиялык жеке ишкер Олег Дерипаска да катышкан. Ал аны куткаруу операциясына 20 миллион доллар короткон.
Маалымат боюнча, Роберт Левинсон 2007-жылы Иранда белгисиз жоголгон. Иран бийлиги барымтага алды деген божомолдор бар. Бирок, бул фактыны Иран четке каккан.
“Боб Левинсон үйүнө кайтып келиш керек. Ал эми, Иран бийлиги барымтага алган саясатын токтотуш керек”, -деп агенттин үй-бүлөсү жарыялаган.