www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир-аз артка кылчайып тарыхка кайрылалы. Илгери “Ниязбектин сегиз бек, телегейи тегиз бек” –деген болгон. Ормонун хан көтөрүшкөн Рыскулбеги чек ара коргоп Ат-Башыда, Бердибек, Бердикожо Нарында, Шатени Ак-Талаада ушинтип балдары эл бийлеп туш-тарапка чачырайт. Рыскулбектен Кайду, андан Чоконун Казысы Ат-Башыда болуш болуп турганда бийлик алмашат. Сталин баштаган коллективтештирүү мезгилинде Чоконун Казысын Кочкорго айдайт, кийин Казакстанга кулакка тартып жиберет. Казактардын бары анын атын билишчү экен, ошондуктан жоон топ кишини Чоконун Казысы өз аты менен эле багыптыр.

Нарын эли эч кандай "кытайлашкан" эмес. Кыргыздын манаптары, Ниязбек бийдин балдары көчүп барып эл бийлегенде моңолдордон бир ууч¸саяктан бир ууч жана башка уруулардан бирден ууч эл менен барышкан. Ал кезде таранчы деп коюшчу уйгурлардан тамак-ашын жасатканга бир ууч уйгурларды алдырат. Булардын аты эле уйгур болбосо эбак кыргыздашып кеткен. Таптак кыргызча сүйлөшөт, мисалы Кочкордо Маккам Ахмедов деген бар. Бул Нурлан Абдыкалыков сыяктуу бокс боюнча дүйнөнүн чемпиондорун чыгарган. Бокс жаатындагы советтик адамдар кудайындай катуу урматташат. Анын кызы Назира Ахмедова кыргызча такылдап нукура сүйлөп КТРКда диктор, премьер-министрдин пресс-катчысы болуп жүрөт. Кокустан уйгур деп койсоңор чалкасынан кетет. Уйгурлар деле биз сыяктуу түрк тилдүү байыркы калк, бирок Нарындагы уйгурлар түп-атасынан бери кыргыздашып кетишкен.  

Талантына таазим кылып, ардактап келген Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Казакстандын Эмгек сиңирген артисти өзүнүн таланты менен кыргыз жерин, кыргыз элин, Ала - Тоону даңазалап ырдаган, комузда чебер ойноп, комуздун мукам үнүн алыска жаңырткан, "Камбаркан" фольклордук ансамблинин башкы солисти болуп, кыргыздын өңүн, кыргыздын кийимин, кыргыздын үнүн дүнүйөгө тааныткан Саламат Садыкова Баткенде Өзбекстанга чектеш аймактарда туулуп-өсүп өзбек тилинде сүйлөп, өзбектешип кеткендерди көрүп, кыргызча сүйлөгөндөрдү “тунук кыргыздар” деп ойлошу мүмкүн. Анан да Ат-Башы, Нарын кытайлар менен чектеш эмеспи, нарындыктар кытайлашып кетти деп ойлосо керек. Нарын менен Кытайдын ортосунда килтейген Синцзянь (жаңы жер) –Уйгур аймагы жатпайбы. Нарында орустар да кыргызча сүйлөп калышкан.

Эмне үчүн элдин сөзүн сүйлөгөн адам Камчыбек Ташиев кечирим сурап жатат? 2010-жылдагы кандуу тополоңдо Камчыбек Ташиев кароосуз калган кыргыз элине баш-көз болуп, Сампадагы мыкаачылардын сазайын берип, өзбек кыргыз араздашуусун басууга эмгеги сиңген. Ичи бушайман болуп турган нарындыктардан Саламат Садыкованын байкоосуздан оозунан чыккан сөздөрү үчүн кечирим сурап жатат.

Урматтуу туугандар!

Саламат Садыкова эженин тамаша иретинде дем алуу маалында айтылган сөздөрүнө терикпеңиздер. Эжем үчүн мен кечирим сураймын, себеби Саламат Садыкова деген ысым Кыргыздын бешенесине бүткөн улуу таланттардан. Адашып сүйлөп коюптур, баарыбыз деле пендебиз, туура түшүнгүлө, кадыр барктуу кызыбызды тебелей бербейли урматтуу Кыргыз элим!

Урматым менен Камчыбек Ташиев.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости