www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - “Кыргызстан” партиясы БШКны экинчи ирет утуп алды

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Сотто "Кыргызстан" партиясынын шайлоого катышуу укугу боюнча иши саат 16:00дө башталган. 

Учурда Кыргызстан партиясы БШКны утуп алды деп айтылып жатат.

Аталган партиянын лидери Канат Исаев «Жогорку сот административдик соттун чечимин күчүндө калтырды. Биздин жүйөлөрдү эске алып, адилетүү чечим кабыл алды. "Кыргызстан" партиясын кандайдыр бир мааниге ээ эмес майда техникалык ката үчүн шайлоого катыштырбоонун амалы болду», - деди Исаев.

Соттук процесс башталганга чейин Жогорку соттун алдында "Таза шайлоо үчүн" деген аталыштагы акция өткөрүлүп, ага жарандык активисттер, укук коргоочулар катышты. 

Эске сала кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» партиясына карата Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге макул эместигин билдирип, кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости