www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Өзгөндө эл менен жолугушкан учурда Кемпир-Абад суу сактагычы элдин талабы менен Өзбекстанга берилбей турганын билдирди.

«Куршаб элинин каалоосун четке кага албайбыз. Биз асмандан түшкөн эмеспиз. Элдин талабы - биз үчүн эң жогорку талап. Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. Кемпир-Абадды азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз. Калган иштерибизди Аксы, Ала-Бука, Баткенде уланта беребиз. Кемпир-Абад боюнча айтып койойун. Мунун катасы 60 жыл мурда болгон», - деди Ташиев.

Ташиев маселе чечилгенин айтып, нааразы болгондорду тарап кетүүгө чакырды.

УКМК төрагасы жыйынга келгенде топтолгондор нааразы болгон кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алышты. Жыйын өткөн Куршаб айылындагы стадиондо милиция кызматкерлери да көп жүрдү.

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы ​мөөнөтсүз акциясы беш күндөн бери уланып жатат. Алар Өзбекстан менен жер алмашууга каршы экенин билдиришүүдө.

Белгилей кетсек, 23-апрелде «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы митингге жүздөн ашуун киши чогулуп, «Суу сактагыч ээлеген жана анын жээгиндеги жерлер берилбесин» деп өкмөт өкүлдөрүнүн, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын беш күндүн ичинде келишин талап кылышкан.

Алар «Кемпир-Абадга» байланыштуу чечим чукул чыкканын айтышып, суу сактагычтын айланасындагы жер тилкесине байланыштуу протокол жокко чыгарылышы керектигин айтышкан.

Эске салсак, буга чейин Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары да жапырт акция өткөрүшкөн. Алар дагы суу сактагычтын жанындагы дөңсөөгө чогулуп, боз үй тигишкен.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев нааразы болгондор менен 19-апрелде жолугуп, ошол жерде айтылган талаптардан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости