www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлек районуна караштуу Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагындагы Козу-Баглан суусуна «Ак-Тоок» деп аталган суу сактагыч курулат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын сентябрь, октябрь айларына чейин суу сактагычтын долбоорун түзүү пландаштырылган.
Долбоордун түзүүчүлөрүнө тапшырма берилип, учурда алар суу сактагыч курулуучу аймакта иштеп жатышат.
«Ушул маселе боюнча кечээ, 24-апрель күнү, каржы маселеси чечилип, өкмөттөн акча бөлүндү. Долбоор ишке ашырылып, курулуш иштери башталса, бир жыл ичинде бүткөрүлөт», — деди Ташиев.
Ал Баткен облусу менен чектешкен Тажикстандын Гафуров жана Худжант шаарларына ичүүчү суу Лейлек районунун аймагынан бара тургандыгына, сууну коңшулаш республикага берип коюп, Лейлектин талаалары суусуз кургап жатканына токтолду.
Ташиев «эгерде бул суу сактагыч курулса, анда чек ара маселеси чечилерин» билдирди.
Булак: NazarNews.kg