www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орус элине Борис Ельцин өтө жага турган. Анткени ал Орусияга президент болсо да «арак сүйүүчүлөрдүн» тизмесинен түшкөн эмес.
1. СССРди кантип бөлүшкөн?
Беловеж токойунда Ельцин, Украина президенти Кравчук, Белорус спикери Шушкевич болуп, 1991-жылы декабрда СССРди бөлүшкөн. Жолугушкан убакта бул үчөө тең катуу ичип, мас болуп алышып, талашып-тартыша кетет. Борис Ельцин ашыкча мас болгон, ошондуктан көптөгөн маселелер чечилбеген бойдон калып, мас мамлекет башчылары тарап кетишкен.
2. Учактын дөңгөлөгүнө жаба койо берген президент
Борис Ельциндин АКШга жасаган биринчи иш сапары абдан муңайымдуу болгон. Эскерте кетсек, ага чейин деле Борис Ельцин, Горбачев менен бийлик талашып АКШга көп ирет барып, мас болуп алып бийлеп, элдин көңүлүн ачып келген. Ал эми президент болгон соң Борис Ельцин арактан өкүртө ичет да, эшикте аны күтүп тургандарды уруп ойнобой, учактан түшөөр менен учактын дөңгөлөгүнө жаба койо берет. Албетте, учактын ичинде деле туалет бар эмеспи, мас киши аны ойломок беле.
3. Акаевдин кашка башын барабан кылып ойногон
Борис Николаевич элдик фольклорду өтө баалай турган. Жаңы эгемендүүлүктү алган Кыргызстанга келгенде, ал адаттагыдай эс-мас болгуча катуу ичип алат да кашык менен кантип барабан ойной турганын башкаларга үйрөткүсү келет. Ага барабан катары Кыргызстандын ошол кездеги президенти Аскар Акаев кашка башы менен туруп берген.
4. Штаттарда “ыштанчан” болуп алып президент Ельцин Вашингтонду эмнеге дүрбөттү эле?
1995-жылы Вашингтонго болгон иш сапарында Борис Ельцин дагы мастыгын Америкага арнаган. Кечки сый тамакта ал өтө катуу ичип алып ардактуу меймандар үчүн даярдалган жайдан орун алат. Мас Бокең тамтаңдап “ыштанчан” туруп, көчөгө чыгат да такси тосо баштайт. Аны Ак үйдүн атайын кызматкерлери кармап калышат. Эсине келген Борис Ельцин АКШнын Вашингтонунда жүргөнүн эстеп, пицца алып келмекмин деп аларга түшүндүрөт. Тилекке каршы, Борис Ельцинге пиццаны каалаган убакта алып келүүнү уюштуруп коюшкан экен.
5. Мас болуп алып оңкосунан кеткен
1991-жылы алгач президент болгон мезгилдерде Борис Ельцин Новокузнецк шаарына баратып аракты өкүртө ичет. Борис Ельцин менен жолугушууга миңдеген адамдар чогулуп күтүп жатышкан экен. Ал мас болуп бутунан тура албай учактан түшө албай, оңкосунан кетиптир.
6. Учактан түшө албай калган
1994-жылдын сентябрында Борис Ельцин Ирландияга келишим түзүүгө келет. Жолдо Орусиянын экс-президенти ойпоң-тойпоңдоп ашыкча ичип алган экен, Ирландиянын борбору Дублинге жеткен мезгилде аны эч ким ойгото албай койот. Борис Николаевичке жансакчылардын кылган аракеттери да мастыктан соолуктура албай койот. Аны тосуп чыккан Ирландиянын мамлекеттик жетекчиси аэропортто катуу даярдык менен күтүп турган болот. Борис Николаевич учактан чыга албай калганын түшүнүп, “лаажа” болуп кете берет. Келишим түзүү бир сутка алдыга жылат.
7. Ельцин-дирижёр
Борис Ельцин менен кызык окуялар 1994-жылы Берлинде болгон. Германиядан советтик куралдуу күчтөрдү чыгарып кеткени үчүн арналган официалдуу салтанатта, катуу мас болуп алган Борис Ельцин аскер оркестрине дирижёрлук кыла баштайт.
8. Мастыгы менен чет өлкөлүк мамлекет башчыларынын жүрөгүнүн үшүн алган
1997-жылы Стокгольм шаарында өтүп жаткан ядролук куралдар боюнча проблемаларга арналган конференцияда Ельцин дагы ашыкча ичип алган. Капыстан кайсы жерде отурганын унутуп калып, Кремлде отургандай сезип, ядролук куралдар менен коркута баштаган. Керек болсо колумда ядролук куралдар турганда бардык мамлекеттер менен эсептешем деп жулунган.
9. Кашык менен айланасындагыларды башка койгулаган
1992-жылы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен Ташкенде жолугушуу болот. Борис Николаевич бул жолугушууда да ашыкча ичип алат. Чоң кашык менен өз чекесин жана айланасындагыларды барабан ойноп ургулайт. Айласы кеткен Гайдар менен Грачев аны эки колунан алышып, эптеп алдап-соолап жетелеп кетишет.
10. Мас болуп машина айдап адамды тебелеп кеткен
Борис Николаевитин машина айлоого укугу жок болсо да, кээ бир учурда мас болуп алып машина айдайм деп жулунган учурлары болгон. Аны машина айдоого жолотчу эмес. Көп ирет машинаны айдаганы менен дайыма кырсык, авария менен аяктай турган. Анын жансакчыларынын начальнигинин айтуусунда президент Борис Николаевич жолдо кетип бараткан адамдарды да тебелеп кеткен учурлар болгон.
Кызык, Ельцин тирүү болгондо биздин башчыларды кандай кылып ойномок экен...
Азизбек Келдибеков, NazarNews.kg