www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канча жашка качан кумар канарың,

Ким айта алат алдын-ала кабарын?!

Адам жашы узакпы же кыскасы,

Айтып көрчү билер болсоң а жагын,

Каалашыңча узак жашап алышты,

Калса эмине адам өзү башкарып, деген ыр саптарындагыдай жакшы адам дагы да жашай түшсө дейт экенсиң. Мирза Азизов...Мирза аганы раматылык деп жазыш кыйын болуп турат. Таажы ылаңынын кесепетинен улам акка моюн сунуп кете берди. Жакынкы күндөрдө эле Мирза ага менен диалог курганымдазаман залкары бир эле учурда жашоого кубанганы да, заманга кейигени да сөзүнөн байкалып турду эле. Мыкты таланттын улуулугун анын жөнөкөйлүгүнөн жана адамгерчилигинен баамдаганым ырас. Аттигиниң!.. Арман дүйнө. Эгер шум ажал  алып кетээрин билгенимде көөдөн көрөңгө бөксөсүн толтура баарлашып калсам кана эми...

Өзбекстан Республикасынын эл артисти, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, Мукимий атындыгы Өзбек Мамлекеттик музыкалык театрынын директору Мирза Азизовдун өзү окубай калган акыркы маеги...

- Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын ичинен "Делбиримди"( Кызыл жоолук жалжалым ) тандап алуунун себеби эмнеде?

- 2018-жыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата, биздин улуу урматтуу президент Шафкат Мирзиёевдин буйругу менен Айтматов жылы болду. Өзбекстанда 30га жакын мамлекеттик театрында Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырды. Ташкент мамлекеттик искусство жана маданият институтунун доценти Рамзиддин Кодиров менен биргеликте “Делбирим” спектаклин койдук. Спектаклдин премьерасына Кыргызстандын атайын ыйгарымдуу элчиси, Өзбекстандын атайын ыйгарымдуу элчиси келип көздөрүнөн жаш алып берилүү менен көрүштү. 20-21-кылымда Чыңгыз Айтматов Борбор Азиядан чыккан, чыгармалары дүйнөлүк классикага айланган эң алдыңкы жазуучулардын бири болду. Бир гана Кыргызстанда эмес, башка өлкөдө дагы Айтматовдун чыгармаларын абдан баалап, кызыгып окушат.

- Мукимий атындыга Өзбек Мамлекеттик музыкалык театрынын ийгиликтери боюнча айта кетесизби?

- Биздин театрда акыркы кездерде классикага өзгөчө көңүл буруудабыз, мисалга алсак, «Тахир жана Зухра», «Ашир Малала», «Ханума», «Лейли жана Мажнун», «Атабек жана Күмүш", «Томирис» спектаклдерин сахналаштырып көрүүчүлөрдүн арзуусуна татыдык. Эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан тарта комедия басым жасалып калган болчу. Ал эми азыр улуу залкарыбыз ойноп бизге жеткирген, качантан бери сахнадан түшпөй келген репертуарларды кайрадан элибизге тартуулап жаткандыгыбыз кубантарлык жагдай. Мына ошол репертуарларды жаштар жана келечек муунга жеткирүү боюнча алдыда чоң-чоң долбоорлор үстүндө иштеп жатабыз, ошондой эле Кыргызстанга гастролго чыгуу пландарыбыз дагы бар. Мындан сырткары Кыргызстандагы алдыңкы сапта турган драматургдар: Султан Раев, Кайрат Иминалиевдердин пьесаларын сахналаштырууга бел байладык. Эки элдин ортосундагы достук көпүрөсүн чыңалтууда алдыңкы күндөрдө ушул долбоор менен дагы иштеше турган чоң максаттар бар.

- Китепти ар куракка жараша түшүнөт экен, бала чагыңызда кайсы чыгармасы өзгөчө таасир калтырган?

- Мектепте окуп жүргөн маалда эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сүйүп окучубуз. Жазуучунун чыгарамаларында адамдын жан дүйнөсүн ушунчалык түпкүрдөн ачып бере алган, окуган адамды ойго салган, абдан терең таасирин тийгизген каармандар. Бир гана кыргыздын эмес, өзбек, тажик, казак жана башка улуттун нарк-насил, каада-салт, үрп-адат, тарыхын көрүүгө болот. Бардык улут бир муштумга түйүлгөндөй таасир калтыра турган чыгармалар. Бала чагымда “Ак кеме” повестин окуп, баланын курагында болгондуктанбы, айтор, баланын эки жомогу өтө таасир калтырган.

- Айтматов өзбек элинин жазуучулары менен түз насиптеш болгондур?

- Биз, өзбек эли Алишер Навои, Хамза, Мукимилерди кызыгып окуган сыяктуу, кыргыз элинин жазуучулары Айтматов, Т.Касымбеков, Мурза Гапаровдун чыгармалары менен чоңойгонбуз. Манас балбан менен Алпамыш, Алишер Навои менен Токтогул сыяктуу эки элдин кастарлап, барктап алар өз көзүрлөрү бар. Айтматов Өзбекстанга келгенде менин өзбегим деп сөзүн баштаса, Саид Ахмат Кыргызстанга барганда менин кыргызым деп сүйлөйт. Саид Ахмад, Асхад Муктар, Гафур Гулям булар баары Айтматов менен дос болушкан. Биз бир тилде сүйлөй турган эки элбиз, биздин каныбыз, жаныбыз бир, улутубуз эле бөлөк. Кыргыз менен өзбек бир кагаздын бетиндей, эч жака экиге бөлүп карабаган кандаш эл. Биздин базарыбыз бир, мазарыбыз бир, куда-сөөк туткан бир тууган элбиз. Бир эле кыргызга таандык эмес, Айтматов атагы ааламга тараган, бүткүл дүйнөнүн эң  белгилүү жазуучусу.

- Өзбек эли үчүн Айтматов кечээ, бүгүн жана эртең?

- Өзбекстанда Айтматовдун чыгармаларында философиялык ойлор жатат, Борборук Азияга гана эмес, бүтүндөй дүйнө элине философиялык дил-азык берет. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар, спектаклдерди көргөн адамдын боорукердик, гумандуулук тамызгысын  жүрөгүнө  орнотот. Адам өзгөрүп жакшылыкка кадам таштайт. Ошондуктан союз доорун албайлы, азыркы доорду албайлы анын керемет чыгармалары эч качан актуалуулугун жоготпойт. Себеби анын кайсы романын же повестин албайлы ар бир окурман өз тагдырын таба алат. Мисалы, 60-70-жылдарда театр дүркүрөп турганда Айтматовдун чыгармалары сыймыктуу түрдө коюлуп, эл аябай агылып келчү. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары миң жылда дагы өзүнүн күчүн жоготпой баалана бермекчи. Классик жазуучулар У. Шекспир, А.П.Чехов сыяктуу Айтматовдун ысымы дагы түбөлүк калат.

- Кыргызстан сиздин көзүңүз менен...

- 2017-жылы Ош шаарына гастролго барганыбызда, Кыргыз маданиятынын мыкты кызматкери төш белгисин ыйгарышкан. Ушул жылы эле Кыргызстанда болгон Эл аралык "Арт Ордо" театр фестивалында академик аталдым. Кыргыз ырларында мекенге болгон сүйүү, ашыктык темасы, эне мээрими, ата кадыры чагылдырылган. Кыргыздын салты өзгөчө, меймандостугуна сөз жок. Сөзүн Түмөнбай Байзаков жазган, обонун Апас Жайнаков чыгарган “Кыргыз жери” деген ыр кыргыздын гимни болуп калган сыяктанат. Мисалы:

Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн,

Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн, деген саптарында Кыргызстанды Кудай-Таала бейиш кылып кыргыздарга ыйгарып койгондой. Кылымдарды карыткан кыргыз элин-кут даарыган эл дейт. Бар бол, биртууганым кыргыз элим.

Динара Асылбекова, Түркия

Булак: NazarNews.kg

Последние новости