www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аӊгектен качсаӊ дөӊгөчкө деген жакшы макал бар. Улам жаӊы келген министрибиз улам жаӊы шылтоолорду ойлоп таап эптеп тарифтерди көтөрүп анан энергетика системасын чет элдик инвесторлоhго салып берүү аракети. Бул тууралуу пикирин белгилүү экономист Айылчы Сарыбаев Facebook баракчасына жазып чыкты.

Ага кошумча: --“Билсе билбесе деле энергетика системасынын тарифин көтөрсө эле Токтогул суу сактагычы бир заматта ашып ташып кете тургансып «Америкада, Англияда, Францияда жана Германияда тарифтер мынча экен деген дөөрүгөндөр көбөйдү. Булар аконит эмес эле адырашмандын ашын жегенби деп ойлоого түрткү берет.

Себеби ал өлкөлөрдөгү жашоо деӊгээли менен биздин шордуу элдин жашоо деӊгээлин салыштырыгысы келишпеген министрлер менен алардын куйруктары алты тутам арамза кошоматчылары толуп кетишти.

1,5 миллион мигранттар жумушсуздуктун айынан тентип жүрүшөт. Ички миграция менен жумушсуздар, көп балалуу үй бүлөлөр, жарды жалчылар, кары картаӊдар айтор элдин 80% жашоо деӊгээли өтө төмөн өлкөнүн элине жогорулатылган тарифти колдону даана зөөкүрчүлүк экенин билсе да билмексен болуу айбанчылыка жатат.

Кимге энергетика системасына финансылык анализ жана консультация керек болсо келгиле чогуу анализ кылалы. Билбей туруп чочоӊдой берүүгө болбойт. Элден мурун жумушсуздукту жоюп, инфляцияны токтотуп, элдин кирешесин көтөрүп анан тариф жөнүндө айтыш керек. Эрнест Карыбековдун тегерегине чогулгула. Сапарбек Аргымбаевди таап кеӊешин уккула. Болбосо Акаев, Бакиев жана Данчиктин кебетесин тез эле кийип каласыӊар. Жардылар менен байлардын айырмасын кантип эсептейсиңер. Элден мурун ошону айткылачы "Дөөлөт тоголок, байлык колдун кири", кесирленбегиле”, - дейт Айылчы Сарыбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости