www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Хельсинки комиссиясынын лидерлери - демократ сенатор Бен Кардин, республикалык сенатор Роджер Уикер жана конгрессмен Джо Уилсон - президент Жо Байдендин администрациясын камакка алынган орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйды активдүү колдоого чакырышты.
Хельсинки комиссиясы Твиттердеги билдирүүсүндө, Навальныйдын ден-соолугунун начарлашына, жана камакка алынышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Ошондой эле Орусияда 21-апрелдеги нааразычылык акцияларына басым жасалды.
Комиссиянын билдирүүсүндө Россиянын президенти Владимир Путинге жакын ири олигархтарга каршы санкциялар жарыяланып, алардын ысымдары келтирилген.
--"Навальный Орусиянын камагында азап тартып жаткандыктан, биз эми Владимир Путиндин жакын адамдарына Роман Абрамович, Алишер Усманов, Игорь Шувалов жана Николай Токарёв сыяктуу белгилүү олигархтарга санкцияларды киргизүү жөнүндө ойлонушубуз керек", - деп айтылат билдирүүдө.
Аты аталгандардын бардыгы Навальныйдын коррупцияга каршы күрөшүү иштеринин каармандары болгон.
Конгрессмен Уилсондун айтымында, Кремлдин иш-аракеттери анын орус элине болгон жек көрүүсүн көрсөтөт.
--"Бул Владимир Путиндин бийликте калууга болгон акыркы аракети, бирок акыры ал ишке ашпай калат", - деди Уилсон.
Белгилей кетсек, АКШнын президенти Джо Байден орус өкмөтүн Навальныйдын куугунтуктоосу саясий негизде деп, аны бошотууга үндөп келген.
Алексей Навальный үч жумадан ашык түрмөдө ачкачылык жарыялап, анын алдына ишенимдүү дарыгерди коюуну талап кылган. Жума күнү ал ачкачылыкты чет элдик дарыгерлер Федералдык Жаза аткаруу тутумуна баргандан кийин токтото баштаганы маалым болду.
Маалымат үчүн, Хельсинки Комиссиясы же Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Комиссия АКШнын өкмөтүнүн уюму болуп саналат, анын миссиясы ЕККУга мүчө мамлекеттерде адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө.
Комиссиянын курамына сенаторлор, Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү жана Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү кирет.
Суннатилла Абдуллаев, Ташкент
Булак: NazarNews.kg