www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ыктыярчы медицина кызматкери болуп иштөө учурунда көз жумган бүтүрүүчү курстун  студенти Адинай Мырзабекова экс-депутат Камчыбек Ташиевди дарылаган. Бул тууралуу саясатчы “Регион” телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, “Гансиде” убактылуу ачылган ооруканада келинчеги менен дарыланып чыккан.

“Ошол учурда Адинай мени дарылаган. Ооруканада 5-6 күн болдум, ал убакытта Адинай мени тынымсыз карап атты. Анын тагдыры ушундай болуп калганына биз – бейтаптар күнөөлүү болуп калдык”, - деди Ташиев.

Саясатчы маркумду "Адинай Мырзабекова узун бойлуу, жакшынакай кыз болчу. Тез кыймылдаган, өтө ийкемдүү, тарбиялуу эле", - деп сүрөттөдү.

“Бир күнү көз айнегинен беттерин тер басып, ушундай кыйналып калганын байкадым. Анан мен: "кызым көз айнегиңди алып, дем алып кичине эс алып алчы" десем, “жок, байке, азыр чечсем болбойт, кезметим бүткөндө чечем” деген эле. Кыйналып, кысталып, бышып, чуркап иштеп жүрөт. Ал акча же даңк үчүн чуркаган жок. Ооруп калгандарга жардам берсем экен деген ички сезим менен жүрүп, өзүнө карай албай калды, өзүнүн ооруганын сезбей кете берди”, - деди Ташиев.

Ал бардык дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, пандемиянын аягына чейин чыдамкайлуулук менен туруп берүүсүн суранды.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости