www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен 25 жаштагы адамдын сөөгү бүгүн, 20-июлда табылып, жакындарына берилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын башчысы Максатбек Сарбагышев билдирди.

Маалыматка караганда, Ж.А аттуу эс алуучу 19-июль күнү кечки саат 18:00 чамасында сууга кирген бойдон чыкпай калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын издөө иштерине катуу шамал тоскоол болуп, чөккөн адамды дароо табуу мүмкүн болбой калган.

Сууга чөккөн адам теңтуштары менен Бишкектен келип, Чок-Тал айыл аймагындагы "Париж" эс алуу жайына жайгашкан.

Быйыл жыл башынан бери Ысык-Көлгө беш киши чөгүп кеткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости