www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Падышычылыктын сарайы 20-июлда 84 жаштагы Салман бин Абдул-Азиз Ал Саудинин өтү сезгенип, тактап айтканда, холециститтен улам Эр-Рияддагы атайын ооруканага жаткырылганын, медициналык кароодон өткөрүлөрүн билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Сауд Арабиясын 2015-жылдан башкарып келе жаткан падышанын саламаттыгы тууралуу адатта чанда гана ачык маалымат берилет.

Тышкы иштер министрлиги Ирактын премьер-министри Мустафа ал-Кадхиминин 20-июлдагы Эр-Рияддагы сапары жылдырылганын маалымдады.

Падыша Салман аталаш бир тууганы Абдулла 90 жаш курагында каза болгондо такка отурган. Ал Сауд Арабиясын негиздеген падыша Сауди бин Абдул-Азиз Ал Сауди көз жумгандан кийин бийликке келген анын уулдарынын акыркысы. Эң бай араб өлкөлөрүнүн бири болгон Саудияда падыша чексиз ыйгарым укукка ээ.

Эр-Рияд 2017-жылы падыша өзүнүн 34 жаштагы уулу, тактынын мураскер ханзаадасы Мухаммеда бен Салман үчүн бийликтен баш тартканы жатканы тууралуу маалыматтарды четке каккан. Ханзааданын дарегине Саудиянын Стамбулдагы консулдугунда журналист Жамал Хашогжи киши болгондон кийин сын-доомат күчөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости