www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто маршруттун айдоочулары жолду бөлүшө албай мушташкан. Анын натыйжасында, өтүп бара жаткан адамга бычак сайылган. Бул тууралуу журналисттерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, №125 маршруттук такси айдоочуларынын ортосунда мушташ 11-июль күнү болжол менен саат 11:00 чамасында болгон.

“Айдоочулардын бири атаандашына бычакты ыргытканда, өтүп бара жаткан жигиттин бутун жарадар кылган. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн”, – деп билдирди Ички иштер башкармалыгынан.

Милициядан кошумчалагандай, айдоочулардын өздүгү аныкталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козголгон. Жабырлануучу аны бычактап салган белгисиз адамдарга карата арыз жазган. Тергөө иштери уланууда, чыр-чатактын катышуучуларынын бири дагы камакка алына элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости