www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, билдирүү жазып чыкты.

“Урматтуу Премьер-министр! Кайдыгерлик, тоготпостук, жөндөмсүздүк сапаттарыңыз менен Кыргыз элибизди кор кылдыңыз!!! Эмне үчүн башка чет өлкөлөрдө калып, кайтып келүүгө үлгүрбөй калган биздин мекендештерибизди кайтарып алып келүүгө аракет жасабай олтурасыз??? Бул чет өлкөлөрдөгү биздин атуулдарыбыз мигрант болуп бала-чакасын, ата-энесин, мамлекетин багып жүрүшөт эмеспи. Алардын убагында тапкан акчалары керек да, өздөрү керек эмеспи???

Мамлекет ар бир жараны үчүн күрөшүүгө аракет жасаш керек. Ал эми сиз өлкөнүн премьер-министри катары милдеттүү түрдө ал адамдар үчүн бардык мамлекеттик рычагдарды колдонушуңуз керек. Эгерде ошол чет жерде, аэропорттордо, чек аралык жолдордо кароосуз калып кеткен мекендештерибизди алып келе албасаңыз, анда сизден толук ишенич кетет. Ал мекендештерибиз акча сураган жок, колдорунда самолётко билеттери бар,чек араларда машиналары менен турушат, керектуу башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары менен сүйлөшүп тез аранын ичинде чечиңиз!!!
Ушундай кыйчалыш учурда элдин керегине жарабасаңыз, анда отставкага кетиниз. Командаңызды кошо ала кетиңиз, эл үчүн жанын берип иштей ала турган атуулдарыбыз четтен табылат!
Элдин да, өзуңүздүн да убактыңызды текке кетирбеңиз, чечиңиз маселени!!!”-деп Камчыбек Ташиев жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости