www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда үй-бүлөлүк чырдан улам 47 жаштагы аял жолдошуна бычак сайып, ал ооруканага жетпей көз жумду. Бул тууралуу NazarNews.kgге Жалал-Абад ОИИБинен Нурдин Жээнтаев билдирди. 

Маалыматка караганда, 31-март күнү саат 15:00 чамасында чыр чыгып, аял тамак жасап жаткан ашкана бычагы менен жолдошунун көкүрөгүнө сайып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жетпей үзүлгөн.

"Бул факты Ноокен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү аял 1973-жылы туулган З.И. аттуу жаран. Учурда ал камакка алынган", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости