www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коңшу Тажикстан менен чек ара боюнча кабыл алынган протоколдор 2 сааттын ичинде элге жарыяланат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.

"Биз сүйлөшүп, келишим түзүп, чогуу протокол кабыл алдык. Кабыл алынган протоколду бир-эки сааттын ичинде коомчулукка жарыялайбыз. Коомчулук барын угат, көрөт. Ал жерде 7-8 пункттан турган келишим бар. Мындан ары кабыл алынган келишимдин негизинде иш жүргүзөбүз деген ойдомун", - деди Ташиев.

Бүгүн, 5-июнда Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов менен жолугушту. Жолугушуу Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө аяктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости