Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды
Саясат  |   |  1075

Өкмөт башчы Садыр Жапаров «Мекенчил» партиясынын лидери, мурдагы депутат Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы кылып дайындады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы болуп Бекбосун Апсаттаров дайындалды. Анын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков болду.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин буга чейин Орозбек Опумбаев жетектеген. 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями