www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 17-январда өтүшү зарыл. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын айтымында, парламент 22-октябрдан кечиктирбей мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү күнүн белгилеши керек жана ал 17-январда өтүшү зарыл.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин спикери Канатбек Исаев Конституциянын 64-беренесинин, 5-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, президенттин квотасы менен келген БШКнын 4 мүчөсүн — Нуржан Шайлдабекова, Алмаз Асаналиев, Гүлнара Баатырова, Бахтияр Кадыровду кызматынан бошотуу боюнча сунушту Жогорку Кеңешке киргизет, алардын ордуна 4 жаңы талапкер көрсөтүлөт.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш 21-октябрга чейин БШКнын курамын бекитиши шарт. Боршайком 22-октябрдан кеч калбай, Жогорку Кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоону 20-декабрга дайындашы керек.

Белгилей кетүүчү жагдай, президенттин милдетин аткаруучу болгон адам президенттик шайлоого катыша албайт.

Эске салсак, Кыргызстандын бешинчи президенти Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти. Анын милдетин парламенттин спикери алуудан баш тартып, президенттик кызмат өкмөт башчы Садыр Жапаровго өттү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости