www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алай районунун жашоочулары менен жолукту. Ташиев эл менен сүйлөшүп, ошол жердеги тургундарга кыргыз-тажик чек арасындагы маселе тынчтык жолу менен чечилерин айткан.

Ал Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов менен байланышкандыгын, анын келери күтүлүп жаткандыгын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган. УКМКнын Чек ара кызматы абал чыңалып турганын айтууда. 4-июнда эртең менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев шашылыш түрдө Чоң-Алай районуна учуп кеткен.

Өкмөт бүгүнкү тараткан билдирүүсүндө кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын буга чейин макулдашылып, бекип калган келишими бузулганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости