www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гүлнара-Клара Самат Мордовиянын башчысы менен жолугушту

Ушул жылдын 3-июнунда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат РФнын Мордовия республикасынын башчысы Артём Здунов менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыргыз-россия аймактар аралык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгилөө менен элчи эки тараптуу мамилелердин укуктук негизин түзүүнү, Кыргызстан менен Мордовиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүү максатында соода номенклатурасын изилдөөнү жана кызматташуунун келечектүү багыттарын аныктоо үчүн эксперттик деңгээлде делегациялар менен алмашууну сунуш кылды.

Мордовияда топтолгон тажрыйбаны эске алуу менен кыргыз фармацевтикалык адистерин окутуу жана даярдоо боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугу баса белгиленди.

Элчиликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, сүйлөшүүлөр Санкт-Петербург шаарында кыргыз делегациясынын Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышуусунун алкагында өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости