www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт 10 сомго 5 сом кошулса бактылуу болот элем деп эл менен тирешип жаткандар, интернеттен пайдасы жок ызы-чуу, ушактан көрө башка өлкөлөрдөгү маршруттук машине айдагандардын кебете-кепширин, кандай иштээрин жакшылап карасаңар.

Алар шыбоо жыттанган, апкытына ылай жабышкан, качан жуулганы эстен чыккан майрык тапичке менен рулда отурушпайт.

Эски куртканы жөлөнгүчкө аңтарасынан жаап, жабуусу жыртылганда улам башкасын үстү-үстүнө каптай берген отургучта отурбайт. Отургучтарды жылдырып отуруп, 12 кишилик орундуктарды 20 кишилик кылбайт.

Эртеден кечке чаңы сапырылган салондо кир кол менен самса жебейт, жүрүп баратып терезени ача салып какырбайт. Бирөө кокус алдын кесип кетсе "энесин" ашатпайт.

Жол киренин ашканын сураса аркырап беттен албайт.

Телефондон бакырып, "конечныйга келчи, сага көрсөтөйүн, ссс..." деп калчылдабайт.

"Эмне жылбай турабыз?" деп токтогондун себебин сураса "эй, шашсаң такси менен кет!" деп титиреңдебейт.

Светофор эчак күйсө да сүйүктүүсү менен телефондон кыкылдап күлүп сүйлөшпөйт. Жумуш эми башталганда элди тыгып алып май куюучу жайда кезекте турбайт. Орто жолдон "тетиги машинеге отургула, менин срочный жумушум чыгып калды" деп элди түшүрүп салбайт.

Салонундагы отургучтар адам отурайын десе оодарылып кетпейт, поролону оюлуп, темири эле калган отургучту эски таар менен каптап койбойт.

Алар эл ташыган унаанын кандай өзгөчөлүгү бар экенин мыктап окушкан, жол эрежесин так сакташат. Алар кызматка келгенин, эл менен иштээрин эң жакшы билишет.

Алар адамдар үчүн кам көрүп, маанилүү милдет аткарып жатканын түшүнүшөт. Жолдо ар кандай кырдаал түзүлсө терезеден колун чыгарып белги беришет. Өтө так жана жогорку маданияттуу болушат.

Чын айтам. Башкаларды көрүп аябай суктанганбыз, жакшы көргөнбүз. Өшол өлкөгө сый урматыбыз арткан. Эли бактылуу экен деп ойлогонбуз...

Сүйүн Курманова журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости