www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чоң-Алайда чек ара тилкесинде кооптуу провокация жасап, жаңжал чыгарууга белсенип турганы тажик бийлиги өзүнөн-өзү эле, жеке күчүнө ишенип эмес, тышкы таасирдүү күчкө таянып, кылчактап, ушундай кадамдарга барып жатат деп ойлойм», - деди бүгүн, 4-июнда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Азат Эркебаев.

- Азат Абдыганыевич, буга чейин эле Чоң-алай тарапта кыргыз-тажик чек арасында кооптуу жагдай жаралышы мүмкүн деп коңгуроо кагып жүргөнсүз. Кечээ тажиктер Чоң-Алайдагы талаштуу жерге кантейнер орнотуп башташыптыр. Алар чек ара жабылып, наркотрафиктин жолу буулуп калганы үчүн ушундай кадамга барып жатышабы же алардын көздөгөнү башкабы?

- Бул Чоң-Алайдын Унжу-Булак участкасындагы окуя бир гана наркотрафик себепкер болуучу жагдай эмес, бирок кошумча таасир көрсөтчү жөнү бар. Менин баамымда, бул тажик тараптын ойлонуштурулган, даярдалган, эсептелген провокациясы. Буга чейин май айында бир нече провокациялар болгон: Карамык айылынын жашоочусун кармалышы жана биздин позициялар жөнүндө сурамжылоосу, такталбаган жерге чек ара нарядынын басып келүүсү. Азыр эми талаш жерге чоң контейнер коюшу, ал үчүн атайын техника, кранды айдап келиши, аскердик жолтандабас менен бир топ аскер адамдарынын биздин жергебизге 1 километрдей илгерилеп кириши - ачык эле чоң провокация. Баткенде акыр эсе жыйынтык бербеген аракетин башка жерден, мындайча айтканда экинчи фронт ачып, кыргыз тарапка сүр көрсөтүп, кайра эле күч менен басым жасап, чек ара чечүү  маселесинде өздөрү ойлогондой максатка жетишүүнү көздөй турганын айтсак болот. Жылма экспансия, же жылып жылып, эгер экинчи тарап тиешелүү жооп берип, же чара көрбөсө, жылып келген позициясын алып калуу деп да сыпаттасак жарашат. Буга чейин жергиликтүү калк бир нече жолу кооптонууларды билдирип келген, тажик чек арачылары айрым даярдыктарды көрүп жатканы да айтылган. Мен дагы Баткен жаңжалы башталаары менен Чоң-Алай багытына да көңүл бурулуп, чараларды көрүлүшүн эскерткен элем.

- Айрым аналитиктердин айтуусуна караганда тажиктерди  Россия түрткүлөп, кыргыздарга каршы тукуруп, Орто-Азияда жаңжал чыгарууну көздөп жатат деген да маалыматтар айтылууда. Ишенсек болобу?

- Азыр дүйнө оомал-төкмөл болуп, глобалдык деңгээлде тез өзгөрүлүп, дүйнө саясатынын нугун буруп турчу ири державалар конкуренциясын күчөтүп, таасир талашып, чөлкөмүбүздө да окуялар кубулуп жаткан заманда жашап жатабыз. Чынында ошол ири державалардын таасир талашы тегерегибиздеги Борбордук Азияда чиелешкен маселелердин  жаралышына же ырбашына, оң же сол, же тилекке каршы терс да таасирин тийгизип жатат. Баткенде күч колдонуп, агрессияга өтүшүндө, эми Чоң-Алайда чек ара тилкесинде кооптуу провокация жасап, жаңжал чыгарууга белсенип турганы тажик бийлиги өзүнөн-өзү эле, жеке күчүнө ишенип эмес, тышкы таасирдүү күчкө таянып, кылчактап, ушундай кадамдарга барып жатат деп ойлойм. А биздин региондо кимдин таасири эң эле күчтүү, ири оюнчу экени баарына маалым. Айрыкча, Баткендеги согуштун башталган жагдайлары ойлондуруп, ошондой бүтүм чыгарууга толук негиз берет.

Бирок, биздеги окуяларда Орусиядан тышкары башка оюнчуларды: АКШ жана Батыш, Кытай, Туркия, Иран, Индиянын таасирлерин ролдорун унутпашыбыз керек.  Ушундай кырдаалда өлкөбүздүн атайын кызматтары, жогорку жетекчилиги айрыкча жети өлчөп, бир кесип, акыл пештеп, глобалдык ой жүгүртүү жүргүзүп, алдуу-амалдуулардын оюн-тузактарынан камырдан кылды сууругандай чечимдерге эгедер болушу абзел.

- Неге тажиктер келишимди бузуп, кооптуу жагдайды жаратканды адатка айлантып алышты?

- Ооба, Чоң-Алайда бул жолу да тажик тарап 18 майда акыркы жетишкен келишимди одоно бузуп, кырдаалды чыңалууга алып келди. Ойлондурчу, көңүл бурчу жагдайлар: Тажикстандын өзүндө бийлик трансформациясы, улгайып бараткан, ден-соолугу маселе жараткан президент баласын мураскорлукка даярдап, тышкы күчтөрдүн колдоосуна муктаж, экономикасы кескин начарлап, Кыргызстандын тажик жарандарын, жүк ташуусун бууп койгону андан бешбетер кыйындатты, мындай кырдаалда улуттун духун көтөрүү, борбордук бийликтин айланасында бириктирүү, ал үчүн чакан согушта жеңишке жеткендей көз көрсөтүү тажик бийликтеринин максатына шайкеш келет. Провокацияга ыңгайлуу убакыт, шарт да тандашканын айтпасак болбойт.

Бизде ички саясатыбызда чыңалуу: Кумтөрдүн айынан Батыш менен мамиле солгундай түштү (бул тараптын расмий да, маалымат каражаттары да биз тарапка жан тартпашы мүмкүн), үлкөн саясатчылардын, аткаминерлердин УКМК тараптан кармалышы жана алардын тарапкерлеринин Бишкекте, жер жерлерде митингдерге чыгуусу, буларга кошумча болуп Орхан Инандынын сырдуу жоголушу жана мунун ыктымал кесепеттери (ошол эле боордош Туркияга болгон күмөн саноолор чыңалууга алып келбей койбойт, жылый баштаган мамилелерге суу сепкендей болду), бир аз мурун тажик элчиси ТИМ башчысы Р.Казакбаев менен жолугушуусу алар каалагандай жыйынтык алып келбегендей. Афганистандын тегерегиндеги акыбал да көптөгөн тобокелчиликтерди, кооптонууларды ашка жүк, башка жүк кылып кошумчалайт.

Ошондуктан, жогорудагы жагдайларды эске алып, өлкө жетекчилиги, айрыкча күч түзүмдөрү, атайын кызмат, азыркы тапта эң эле опурталдуу болуп турган чек ара аймактарында - Баткен жана Чоң-Алайга тыкыр көз салып, назардан чыгарбай, тиешелүү чараларды көрүшү учурдун талабы. Баткенге өзгөчө статус берилип жаткандай, эми Чоң-Алай районунун Тажикстанга жакын жайгашкан аймактарына чек ара аймактары статусун берилишин кечиктирбестен каралышы абзел. Бүгүнкү жана алдыда күтүлчү провокациялар буга бирден-бир далил.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости