www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калк кадырлаган, анча-мынча саясатчыларга караганда ачык сүйлөп, “акта ак, караны кара” деген Камчыбек Ташиев акыркы учурларда саясат майданында көрүнбөй калган калган эле.

Баса жакында эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен темир тордун артына кеткен саясатчы Өмүрбек Текебаевдин туулган күнүнө барып, саамайынан сылап, маңдайынан өөп, ак тилек айтканда, айрымдар “эээ ушу Камчыке айрым учурда өзүнүн аброюн билбей калат. Өмүкеге караганда Камчыке авторитеттүү да”, деп “чырт” түкүргөндөр болгон.

Мына бүгүн, 9-январда "көө-өпкө" жоголуп кеткен Камчыбек Ташиев, “булуттан чыккан айдай болуп” өзүнүн социалдык тармагына “Кыргыздын жүрөгү тоолордо...” деген темада тоолорду карап турган сүрөтүн жүктөдү.

Эми Камчыбек Ташиевдин сүрөтүн сүйлөтө турган болсок, кабагы салыңкы, ойлуу, бир жумушу бүтпөй жаткандай, көзү тоолордо, оюу башка жакта... Муруту эки күн мурун алынган, өтө калың эмес кийинген Камчыбек мырзанын көздөрүнөн дагы өрт экенин байкасак болот. Камчыбек Ташиевдин сүрөттөгү “настроениеси” кандай болду экен, оюу тоолордобу же куудул Тынар Курбаналиев айткан “койлордобу”? - деген суроо туулду.

Кандай болгон күндө дагы “шепти” Жаңы жылы менен куттуктайбыз. Ушул жылы кадамы каалаган жерге жетип турсун!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости