www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчыбек Ташиев быйылкы президенттик шайлоодо үчилтик (А.Мадумаров, А.Келдибеков, К.Ташиев) кимди чыгарса, ошону колдоорун ачык айтып, жигиттик сөзүнөн жазбай келе жатат. А үчилтик кимди чыгарат, азырынча так чечиле элек. Эмки жумада “Ата-Журттун” курултайында бул суроого чекит коюлат. Бирок, учурда, бизге жеткен маалымат боюнча, К.Ташиевге тандем түзүү ниети менен Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков кайрылып жатыптыр.
“Менин жигиттик сөзүм бар, андан кайтпайм”- деп алардын сунушуна муюбай жатканын да уктук. Канткен күндө да, Кыргызстанда эн көп электораты бар Камчыке кимди колдосо, ошол адамдын президент болуу шансы кескин жогорулай турганы бышык. Ташиевге окурмандардын айтканы шул: Камчыке, суранабыз, эл турмушун чындап жакшырта турган адамды сүрөңүз же өзүңүз чыгасызбы? – дегендер көп экен. Бул тууралуу “Майдан.кж” гезити жазып чыкты.
Бизге жеткен маалыматтарга караганда Сариев, Бабанов, Жээнбеков Ташиевге куда түшүп жатканы уктук. Саясатчылардын бети бетон окшойт. Бийликте турганда Камчыкени айланып баскан, эми аларга Камчыбек эмес, Камчыбектин артындагы колдогон электораты керек экени, “галдирлерге” деле түшүнүктүү да. Ушул “торт” Темике менен “сараң бай” Өмүке президент болуп калса эле Ташиевге колун созот дейсизби?....Жүрөгү таза инсан Камчыбек Ташиев буга чейин ак көңүлдүгүнө алып кошулуп деле көрбөдүбү?...
Булак: NazarNews.kg