www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия эл өкүлү Канат Исаевге карата анын Токмок шаарынын башчысы кезиндеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишин мыйзамдуу деп тааныды.

Мындай пикирин комиссиянын төрагасы, «Республика – Ата Журт» фракциясынын өкүлү Курманкул Зулушев парламент жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, чогултулган материалга ылайык, Канат Исаев Токмок шаарынын башчысы кезинде жана мэриядагы бир катар жооптуу кызматкерлер муниципиалдык менчикти сатып, мамлекетке зыян келтирген. УКМКнын тергөө башкармалыгы 2017-жылдын 11-майында козголгон кылмыш ишине байланыштуу К.Исаевге Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүнө («Коррупция») ылайык айыбын угузган эле.

Булак: "Фокус"

Последние новости