www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда балдар арасында Кавасаки синдрому каттала элек. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев билдирди.
Узакбаев эл аралык адистердин маалыматына таянуу менен балдар арасындагы Кавасаки синдрому көбүрөөк COVID инфекциясынан улам кездешип жатканын белгиледи. Бирок Кыргызстанда мындай учур катталган эмес.
"Дүйнөдө Кавасаки синдрому катталып жатканы тууралуу маалыматтан кийин биз да буга даяр турушубуз керек. Биздин борбордо балдар арасындагы Кавасаки синдрому боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте ал топ төртүнчү деңгээлдеги протокол даярдап жатат",— деди Узакбаев.
Булак: NazarNews.kg