www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте кайсы ооруканалар коронавируска кабылгандарды кабыл алып жатканын жана ал жактарда канча орун бар экенин билдирди.
Министрликтин маалыматы 18-август саат 8.00гө карата берилген. Андыктан өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн. Учурдагы бош орундар тууралуу билүү үчүн https://map.covid.kg/ дарегине кириңиз.
Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасы — 148 орун, дареги: Лев Толстой көч., 70/2;
№2 клиникалык төрөт үйү — 45 орун, дареги: Москва көч., 225/1. Телефондор: (0312) 65-73-97, 65-74-01;
Улуттук фтизиатрия борбору — 17 орун, дареги: Ахунбаев көч., 90а. Телефон: (0999) 77-88-21;
Улуттук хирургия борбору — беш орун, дареги: 3-я линия көч., 25. Телефон: (0999) 77-88-15;
Улуттук госпиталь — 12 орун, дареги: Тоголок Молдо көч., 2. Телефон: (0999) 77-88-48;
Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 6 орун, дареги: Чалдовар көч., 34. Телефондор: (0312) 56-59-46, (0999) 77-88-54.
Улуттук кардиология жана терапия борбору — 26 орун, дареги: Тоголок Молдо көч., 3/2. Телефон: (0312) 62-27-64.
Ошондой эле жарандар мэриянын “Бишкек наабайкана” муниципалдык ишканасынын жана Кожомкул атындагы спорт ордосунун базасындагы күндүзгү стационарларга бара алат. Калган стационарлар жабылган.
Эске салсак, кечээ Темир жол ооруканасынан COVID-19дан дарыланган акыркы бейтап чыгарылып, мекеме кадимки режимде иштей баштады. Ошондой эле “Ганси” базасында ачылган “Семетей” госпиталынан акыркы бейтаптар 13-августта чыккан. Учурда ал жак вирустун божомолдонуп жаткан экинчи толкунуна даярдалып жатканы маалымдалган.
Булак: NazarNews.kg