www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келди

13-февралда таңкы саат 3төрдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурунку төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келгени маалым болду.

Бул тууралуу Регион ТВ каналы билдирди.

Эскерте кетсек, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары анын орун басарлары да иштен алынды.

11-февралда Ташиев Германиянын Мүнхен шаарында дарыланып жүргөндө аны кызматтан алуу боюнча Жапаровдун чечими "өтө күтүүсүз болгонун" билдирген.

Ташиевди Мамлекеттик күзөт кызматы кайтарууну улантарын бул мекеменин жаңы дайындалган төрагасы Сыргак Бердикожоев 11-февралда айтканын УКМКнын басма сөз кызматы тараткан.

Жапаровдун бир топ жылдан берки саясаттагы үзөңгүлөшү Ташиевдин кызматтан алынышы коомчулукта кызуу талкууланып, эки саясатчынын мамилесиндеги ажырым тууралуу ар кандай пикирлер айтылууда.

Последние новости