www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Лейлек районунун Максат айылынын тургундары менен жолукту. Бул тууралуу Region телеканалы билдирди.
Иш-сапардын алкагында ал жаңы курулган турак үйлөрдү көрүп, жергиликтүү калк менен баарлашты. Жолугушуу учурунда айыл тургундары көйгөйлөрүн айтып, суроолорун беришти.
Максат айылы үчүн турак жай жана социалдык объектилерди куруу максатында айыл өкмөт тарабынан 44 гектар жер бөлүнүп берилген. Учурда бул аймакта 16 жаңы үй толук салынып, алардын тургундары көчүп келип жашай башташты.
Камчыбек Ташиев жаңыдан көчүп барган Раззаков айылына да барды. Ал айылдын тургундары менен жолугуп, алардын муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн укту.
Жеринде айтылган маселелер боюнча тийиштүү жетекчилерге дароо тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынары белгиленди. Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар чек ара маселелеринин толугу менен чечилгенин белгилеп, бул үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.