www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда соңку учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 50дөй жаңы имараты курулду. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде айтты.

Ал жер-жерлерде кызматкерлер кимдир бирөөнүн үйүндө жашап, башка мекемеде жана китепканаларда иштеп келатышканын белгилеген.

"УКМКнын бир дагы имараты курулган эмес. Өткөн жылдан бери биз муну колго алып, өлкө боюнча 50гө жакын имарат курулду. 150дөй машина жана 100 атайын техника, көптөгөн жаңы жабдуулар алынып, ишке берилди".

Ташиев атайын кызматтын имараттарын курууга канча каражат кеткенин жана ал кайсы булактардан алынганын тактаган жок.

Өткөн жылдын сентябрынан тарта Кыргызстандын ар кайсы аймактарында УКМКнын бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары курулган. Буга чейин мекеме 2021-жылдан бери 11 жаңы объект ачылганын билдирген. 3-мартта Бишкекте комитеттин академиясынын курулушу башталды.

УКМКнын кызматкерлери үчүн Бишкекте, Талас облусуна дагы үй салына баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости