www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында канча акча кайсы күнү кимден түшкөнү жарыяланат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү каналдардын бирине берген маегинде билдирди.

Ал коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн сумма негизинен 100 миллиард сомдон ашканын белгилеген.

"Азыр бюджетке накталай 40 миллиард сом которулду. Эгер мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, унаа түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражат да өндүрүлүп, түз казынага которулат", — деди Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости