www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын Басман райондук соту "Крокус Сити Холл" концерт залындагы терактка шектелип кармалган онунчу адамды 22-майга чейин камакка алды.

25 жаштагы Якубжони Юсуфзоданы камакка алуу өтүнүчүн Орусиянын Тергөө комитети келтирген. Тергөөнүн версиясына ылайык Юсуфзода өзүнүн банк картасынан кол салууга катышкандардын бирине акча жиберип турган. Акча которуулар теракттан кийин да уланган.

Мамлекеттик РИА "Новости" агенттиги Юсуфзода 25-март күнү документтерин текшерүү учурунда кармалганын жана полицияга баш ийбегени үчүн 12 суткага административдик жаза алып камалганын жазды. Эми ага террордук акт беренеси боюнча айып тагылды.

Сот отуруму жабык өттү.

"РЕН ТВ" каналы маалымдагандай, шектүү Тажикстанда туулган, аялы жана үч баласы бар. Орусияда курулушта иштеген.

Юсуфзода – "Крокус Ситидеги" кол салууга шектелип кармалган онунчу адам. Буга чейин Тажикстандын төрт жараны теракттын аткаруучусу деген шек менен кармалып, камалган. Беш адам аларга батир берген, унаасын саткан жана акча которгон деген шек менен кармалып, камалышкан.

22-мартта Москвадагы “Крокус Сити” концерттик залында теракт болгон. Анда камуфляж кийген төрт адам туш келди ок чыгарган жана борбор өрттөнгөн. Акыркы маалыматтарда терактта жараат алгандардын саны 551ге жетти. 144 адам мерт болду. "База" Телеграм-каналы 95 адам дайынсыз болуп жатканын жазды.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз мойнуна алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости