www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги коомчулуктагы кайчы пикир жараткан маселелер боюнча  экс-вице-премьер-министр Камила Талиеваны кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

-Камила Абдразаковна, коомчулукта конституциялык реформа боюнча түрдүү кептер айтылып жатат. Чукул конституциялык реформа эмнеге алып келиши мүмкүн?

-Албетте, сындоо жеңил. Мамлекеттин тагдыры устаранын мизинде турган маалда, Жогорку Кеңеш ушундай жагдайга алып келип койгондон кийин, болоору болду, боёгу канды. Эми, алдыга жылуу үчүн аракет күч болуу керек. Баш Мыйзамды талкууга алып, референдумга карата дыкат зор даярдык менен баруу гана керек болуп турат. Башка жол жок калды. Конституциялык Кеңеш түзүлүп, мамлекетчил инсандар, дасыккан юристтер, тажрыйбалуу личносттордон турган күчтүү курам ишке киришүү зарыл. Эл эңсеген адилеттүү Кыргызстанды курууга учур келди. Эми, бул жолу да адашсак, анда өз трагедиябыз өзүбүздө! Кудай да кечирбейт.

Мыйзам талаасынан чыгып, өкүмзордук методу менен кара күчкө таянуу менен иш тутсак, анда, эл аралык коомчулук да тааныбайт, баары мыйзам талаасында акылдын күчү менен, улуттук тарбиябыздан чыкпай, элдиктүүлүгүбүзгө бүлүк салбай, бир гана өлкө кызыкчылыгы үчүн болушу керек.

Албетте, реформа чукул аралыкта өтө турган болуп жатат. Бир чети чукул деш да туура эместей, реформа кылабыз деп, 30 жылдан бери азап чегип эле келатабыз. Негизгиси, мамлекетибиздин башкаруу жолун туура тандасак эле, алган багыт туура болсо, өнүгөбүз!

-Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жемкорлорго жарыялаган мунапыс оң жыйынтыгын береби?

-Дүйнөлүк практикада коррупцияга каршы экономикалык амнистия деген метод менен жемкорлорду кустуруу ыкмасы колдонулуп келет. Монголиянын Президенти да жаңы кызматына киришкенде коррупционерлерге 40 күн убакыт берген. Казына жукарып, карыз муунтуп турган маалда, премьер-министрдин бул кадамы колдоого алаарлык демилге. Кептин баары, эми түшкөн акча толук бойдон мамказынага түшсө деген тилек. Ишенбей калган жайыбыз бар, баары ачык, даана отчёту менен болсо, неге болбосун?

-Айтмакчы, президенттик жана парламенттик шайлоону бирге өткөрүү демилгесин да көтөргөндөр бар. Негизи мындай нерсеге мыйзам жол береби?

-Эки шайлоону бир күндө өткөрүүгө менимче мыйзамдар да жол бербесе керек. Андан да, каржыны экономдойбуз десе, артык кылам деп, тыртык кылып албаш керек го. Азыр элге ашыкча чырдын кереги жок. Көрсөтүлгөн тартип менен, баары өз кезек-кезеги менен болгону дурус.

-Баса, Сыймык Жапыкеев финансы полициясына жетекчи болду. Эми 10 олигархты кустуруп, кытайдын карызынан кутултам деген убадасын ишке ашыра алабы?

-Убада берүү өтө жеңил, Өкмөттүн ишинде аны аткаруу өтө татаал жумуш, ар кандай тоскоолдуктар болот, объективдүү да, субъективдүү да. Жоопкерчиликти өз мойнуна алды, эми убакыт көрсөтөт, эл баалайт дегендей. Өкмөт башчы да жооптуу, ошол оор жумушка дайындады. Мен макул же каршы эмесмин дегеним маанилүү эмес. Убакыт көрсөтөт, баарын.

-Кытайдын карызынан жапа тырмак каражат чогултуп кутулалы деген Айнуру Алтыбаеванын демилгеси коомчулукта колдоо табабы?

-Бул негизи элдик демилге болчу, Ноокен эли акча чогултуп жатканын ММКдан окугам. Анан эле элдик демилгени менчиктеп, автор боло калып, жеңил пиар менен алектенип жүргөн депутат кайдан-жайдан чыга келди. Пандемиядан кийин жумушсуздук күч алган маалда элдин жонунан кайыш тилгенди токтотсо, ошол депутат сөрөйлөр. Өздөрү мамлекеттин каржысын каалагандай калчашты. Пандемия күчөп, эл кырылып жатканда 300 миңден эмгек өргүүсүнө деп, акча алып, элди карабай качышты. Эми, казына бошоп, карыз муунткан маалда сереңдеп чыга калып, популист болгондун не кереги бар? Алтыбаевасыз эле эл өз демилгесин өзү колдоп, элдик ашар иши ишке ашат. Алтыбаева элдин кыжырына тийип жатканын Фейсбук талаасынан эле байкалып турат. Бир да колдогон комментарий жок, тескерисинче, бүт негативдүү пикирлер.

Элдик демилге ынтымак менен ишке ашчу ашар методу менен фондго каржы салынса, мамлекеттин жараны катары четте турбайбыз. Мамлекетти карыздан кутултуунун башка да жолдору бар да. Кутурган коррупционерлерди кустура турган мезгил келди. Уурулар төлөсүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости