www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фармацевтикалык компанияларга Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) фонду 1 млрд 200 млн сом карыз болуп калган. Бул тууралуу өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Бейшеналиев фармкомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгилеп кетти.

"Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду фармкомпанияларга карыз болуп калган. Анын 540 млн сому төлөнүп берилди. Алар жардам беребиз деп жатат. Учурда 1,5-2 айга жете турган дары-дармектердин запасы бар. Дагы 3-4 айга жеткирүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - дейт министр.

Жаңы министр кошумчалагандай, коронавирусту дарылоо боюнча жалпы 29 миң 170 дарыгер окуудан өттү.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости