www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 8-10-мартта болуп өткөн ызы-чуулуу, кыргыз салтына туура келбеген «Аялдардын шериктештик маршына» социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылууда. Экс-вице-премьер-министр Камила Талиева өзүнүн пикирин төмөнкүчө билдирди.

"Ушуларды колдоп, укугу тебеленди деп, айкырган депутаттар да аман эле болсун! Бул ЛГБТсы аялдар темасын жамынып алып, коом үчүн атом бомбасынан да кооптуу, улут үчүн коркунуч алып келген айбанчылык жашоону таңуулап, жаш муунду, келечек муунду, улутту жок кылуу жолуна түшкөндөр. Булардын арасында мамкызматты аркалаган жетекчинин жүргөнү андан да коркунучтуу, анткени анын колуна билим берүү тармагын мыкчытып койгон. Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман, болуп эле калган капилетте жашап калдык. Кайран эл, кайран мамлекет, кор болду!" - деди экс-вице-премьер-министр Камила Талиева.

"Түгөнгөн сайын түтөгөн, кыйнаган сайын күчөгөн" учур келди, канында Кыргыз деми, дарамети барлар биримдикте Улуу Жолго аттанчу мезгил келди окшойт, элбашчы, журтбашчылар эл ичинен эленип тандалып суурулуп чыгаар, Жараткандан ошону тилеп, элдик жана коомдук иш тажрыйбасы барлар алдыдагы шайлоо жүрүшүндө нукура тазаларды тандоого катуу аракет кылуу зарыл болуп калды" - деп кошумчалады "Уйут-Кут" компаниясынын жетекчиси Шаршенаалы Кабатегин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости