www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын өкмөтү демилгелеген китепкана иши жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу долбоору каралып жатат.

Депутат Дастан Бекешов китепканачылардын көбү жашы өткөндөр экенин жана айлык аз болгондуктан жаштар барбай жатканын айтты.

“Ушундай тенденция менен бара берсек, келечекте тилеке каршы биз китепканаларды жоготобуз. Улуттук китепкананын директору 9 миң айлык алса, жөнөкөй китепканачы 5 миң алса...Китепканачылардын көбү картайды. Жаштар барбайт. Ушул жылда деле айдык көтөрүлбөйт, ачык эле айтпайсыңарбы. Кризиске байланыштуу азыр эч кимге айлык көтөрүлбөйт. Кризис болуп атса, өкмөт каяктан акча табат”,-дейт депутат.

Ошондой эле, депутат китепканаларга жаңы тенденция киргизиш керектигин айтты. Анын айтымында китеп дүкнөдөрүнө окшоп китепканаларда китеп сатууга уруксат берилиш керек.

“Азыр жаштар заманбап китептерди издеп жүрүшөт. Биздин китеп дүкөндөрдө жок. Бирок китепкана таба алат да. Алардын алкагында ушундай атайын дүкөндөрдү ачалы. Керек болсо, жаштар китепканга барбайт. Кофейня ачалы, бул жерде күлкүлүү эч нерсе жок. Андай кылбасаң эч ким барбайт. Ошол жерден отуруп, китеп окуп, кофе ичип отурсун”,-деп Дастан Бекешов кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости