www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аял затынын укугун көчөгө чыгып кыйкырып кантип коргойбуз, мен ошону түшүнө алган жокмун. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 11-марттагы жыйынында өкмөттүн өкүлү Нуржигит Кадырбеков билдирди.
“Бир сөз бар жакшыны айтып жай, жаманды айтпай жой. Ушдан кийин мамлекет чара көрөрүн, уу-дуу сөз болорун билишкен. Балким кайсы бир деңгээлде максатына жеттиби деп ойлоп атам. Ошол эле мезгилде 8-мартта аялдарга гүл, белек берген, көңүлүн көтөргөн күн катары билчү элек. Маанайы жарык күн болчу. Аял затынын укугун көчөгө чыгып кыйкырып кантип коргойбуз, мен ошонун логикасын түшүнө алган жокмун. Алар өздөрү чыктыбы, артында кимдер турат?.. Бизде адеп деген чоң нерсе бар. Кыргызда “эркек уулду тарбиялайт, аял улутту тарбиялайт” деген жакшы сөзү бар. Аларды көргөндө мага жагымдуу таасир калган жок. Башкача жолдор менен биз деле аялдардын укугун коргойлу. Улуттун салты, баалуулуктары бар. Балким башкача жолун тандашса болмок деп эсептейм”, -деди Нуржигит Кадырбеков.
Эске сала кетсек, 8-мартта феминисттик кыймылдын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтына аялдардын укугун коргоо максатында жөө жүрүш өткөрүү үчүн чогулган. Аларга 30га чукул адам тоскоол болуп, акцияны таратканга аракеттенген. Мындан кийин эки тарап тирешип, милиция акциянын катышуучуларын кармап кеткен.
Ал эми 10-мартта, 8-мартта кармалгандарды колдоп, ЛГБТнын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына зомбулукка каршы акциясынын катышуучулары чогулуп, тынчтык митингин өткөрүшкөн.
Булак: NazarNews.kg