www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты Тууганбек Чолпонбаев кесиптеши, "Табылга" фракциясынын депутаты Азамат Айтбаевди бир топ сабап салгандыгы боюнча маалыматтар байма-бай тарады.
Себеби, Тууганбек Азаматты шар мэринин отчетун колдогону үчүн сабаган. Ал Азаматты башка бөлмөгө чакырып алып, башка-көзгө койгулаган. Сабоо жеген депутат милицияга арыз жазып, экспертизадан өткөн. Экспертиза анын башына доо кеткенин аныктаган. Кийин чоң муштум Тууганбек Азаматтан кечирим сураган. Көп өтпөй токмоктолгон Айтбаев түшүнөн чоочуп Чолпонбаевге эч кандай дооматы жок экенин, аны эч ким сабабагандыгын айтып чыкты. Милицияга жазган арызын аз өтпөй ушинтип өзгөртүп, апенди боло берсе болобу? Деги Кыргызстанда мыйзам иштейби?
Чынында жергиликтүү кеңештерде, айрыкча шаардык кеңештерде ушундай окуялар көп катталат.
Маселен, Ош, Токмок ж.б. шаарларда криминалдарга аралашкандар аз эмес. Көп учурда мушташып, ж.б. кылмыштуу аракеттерди кылышканы менен бири да кылмыш жообуна тартылбай келет.
Булак: Багыт.kg