www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылдыз Бакашова айым, Сиз Ысык-Көлдөгү китепканачылардын иш-чарасына барбай, келген апаатка бурсаңыз! Мындай пикирди экс-министр, саясатчы Камила Талиева социалдык баракчасына жазды. 

--"Бүгүн, 22- июнга карата 931 адам коронавирус менен ооругандар катталды, 8 киши каза болду. Кара тумоо толкуну келип, муунтуп турат.

Вируска каршы жалпы эрежени бузбай, эл көп барган жерден сактаналы. Ар бирибиз жарандык жоопкерчилигибизди күчөтүп, сезип, үй бүлө, эл- журттун амандыгын камсыз кылбасак, күндөн- күнгө күчөп жатат.

Тийиштүү органдар кайдыгер карабай, ишти уюштура албай, көзөмөлдү колдон чыгарып ийип, эртең элдин убалына калбаса экен? Убактыларын өтө маанилүү эмес, ковид учурунда арткы планга жылдыра турчу иштерге кетирбеши керек. Азыр бүт дитин, тажрыйбасын, мүмкүнчүлүктөрүн элдин өмүрүн сактап калуу ишине бурбаса, абал оор!

Жылдыз Бакашова айым, Сиз Ысык-Көлдөгү китепканачылардын иш-чарасына барбай, юбилейлерге катышып, алтын убактыңызды куру кетирбей, бүт көңүлүңүздү элге келген апаатка бурсаңыз!

Өмүр кымбат, эл кымбат!", - дейт саясатчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости