www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистандагы Талибан кыймылы Тажикстан менен чектеш районго өз көзөмөлүн орнотту. Соңку бир нече айда Ооганстандагы көптөгөн райондор «Талибандын» колуна өтүп кетти. Бул тууралуу «Пажвок» агенттигине таянып, «Азия-Плюс» маалымдады. 

Афганистандын Кундуз провинциясындагы Имам Сахиб району Тажикстандын Хатлон облусундагы Панж району менен чектешкен. Кечээ, 21-июнда «Талибан» кыймылы бул районду өз көзөмөлүнө алып, учурда Кундуз шаарын алууга чабуулун баштаган.

Маалыматта: «Шаардын дарбазасы талибдердин колунда, бардык жагынан курчоого алынган. Калаадагы абал курчуй баштады», — деп айтылган.

Акыркы бир канча айда Афганистандагы көптөгөн райондор Талибан кыймылынын көзөмөлүнө өткөн. Соңку бир канча күн ичинде өкмөттүн аскерлери 15 райондон чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости