www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт энергияга болгон тарифти 1 сомдон ашырбаш керек. Мындай пикирин саясатчы Жылдыз Жолдошова билдирди.

«Акыйкат үчүн айтып коюшум керек. Тилекке каршы, жөнөкөй жарандан баштап, өлкөбүздүн президентине дейри, жыргаган эч ким жок, биздин республикада...

Баткен окуясы, COVID-19, кымбатчылык, суунун тартыштыгы, коррупция менен күрөшүү, контрабанданы ооздуктата албай, контрабанданын гүлдөп жатканы, чабал кадрлар, өз милдеттерин так аткара албаганы, ж.б. толтура көйгөйлөр... Ачык айтсам, азыркы учурда элибиз да, бийлик да жүдөп турган кези.

Себеби, бийлик ырааты менен (последовательность) өз ишин алып бара албаганында. Биринчи ирет, айыл чарбага жана COVID-19га каршы иштеш керек эле, бийлик төбөлдөрү. Андан соң, электроэнергия маселесине көңүл бурса, туура болмок. Ошону менен бирге, Өкмөт энергияга болгон тарифти 1 сомдон ашырбаш керек.

Анткени, азыркы болуп жаткан чакчалакей башкаруу, о.э. акырындык менен болуп жаткан нааразычылык, чыңалуу күзүндө көрүп билбегендей, чоң толкундоого алып келиши мүмкүн.

Ошондуктан, Садыр Нургожоевич, бардык маселени ирээттеп, ырааты менен чечпесеңер, абал оорлошуп баратат. Албетте, бул дагы бир сунуш... Кандай чечим кабыл аласыңар өз эркиңер», - деп кошумчалаган Жолдошова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости