www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлөт

22-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун карап, жактырды.

Быйыл, 11-мартта Ташкент шаарында кол коюлган макулдашууда эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташууга көмөктөшүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү каралган.

Фонд Кыргызстандын аймагында катталган ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтүү багытында долбоорлорду ишке ашырат.

Фонддун уставдык капиталы алгач 50 миллион доллары болот. Кийин анын көлөмүн 200 миллион долларга жеткирүү пландалууда. Каражатты өзбек бийлиги берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости