www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды. 2-окуудагы мыйзам долбоорун Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Нурланбек Макеев алып чыкты.

Мыйзам долбоору айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү менен иш жүргүзгөн ишкерлерге мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталган жаңы финансылык инструментти киргизүү, адистешкен товардык кампанын ээси тарабынан берилүүчү кампа күбөлүктөрүн колдонуу аркылуу кредиттик ресурстарга жетүүнү камсыздоо максатында иштелип чыккан.

Бул мыйзам долбоору экилтик кампа күбөлүгүн, анын бөлүктөрүн – кампа күбөлүгүн жана күрөө күбөлүгүн, жөнөкөй кампа күбөлүгүн берүүгө байланыштуу келип чыгуучу укуктук мамилелерди жөнгө салууну, ошондой эле продукцияны кампада сактоого кабыл алуучу товардык кампалардын, жөнөкөй жана экилтик кампа күбөлүктөрүн кармоочулардын жана ыйгарым укуктуу органдардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салууну карайт.

Талкуу учурунда КР экономика министри Артем Новиков бүгүнкү күндө дыйкандар өндүргөн айыл чарба өнүмдөрүн дароо сатууга мажбур болуп жатканын, андыктан сунушталган мыйзам долбоору менен кампалар боюнча укуктук шарттарды түзүп, өндүргөн өнүмдөрүн сактап, баасы чыкканда сатуусуна көмөктөшө тургандыгын белгиледи. Депутат Бактыбек Сыдыков мыйзам долбоору бир гана дыйкандардын өнүмдөрүнө багытталып жарым-жартылай болуп калгандыгын, маселен, үй тиричилик техникаларын алып келип саткандарга дагы ушундай шарт түзсө болоорун айтып, КР Өкмөтүн мыйзам долбооорун толуктап иштеп чыгууга чакырды. Мыйзам долбоорунун чийкилигин улаган депутат Экмат Байбакпаев дыйкандар бул мыйзамдан эле ким эмнеге жооптуу болушун билиши керектигин, буга байланыштуу долбоорго конкреттүү ченемдерди жазуу зарыл деген пикири менен бөлүштү.

Депутат Махабат Мавлянова жогорудагыдай жагдайларга коммерциялык банктар насыя берүүгө даяр экендигин тактап, мыйзам долбоору учурдан талабы деп баалап, кесиптештерин колдоого чакырды. Депутат Аалы Карашев сунушталган мыйзам долбоорун Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунда айыл чарба өнүмдөрүн сыртка чыгарууга болгон дагы бир кадам катары баалап, жаңы демилге катары мыйзам долбоорун колдоого үндөдү.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости