www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту "Гараж 312" түнкү клубунун ээсин, эки барменди жана алып баруучуну эки айга камакка алууга санкция берди. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 21-январдагы операция маалында кармалган дагы эки кишинин баш коргоо чарасы азырынча аныктала элек.​

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 21-январга караган түнү Бишкектеги “Гараж 312” түнкү клубунда атайын операция жүргүзүп, алты адамды "баңгизаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз сатып жүргөн" деген шек менен камакка алган. Түнкү клубдун "алып баруучусунан, барменден жана айрым официанттардан тыюу салынган баңгизат алынды" деп билдирген.

Булак: Азаттык

Последние новости