www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кан басым дароо түшүп кетсе эмне кылуу керек?

Кан басымдын кескин төмөндөп кетишинин кандай кооптуу жактары бар жана негизи эле тонометрдин көрсөткүчү кайсы санды көрсөткөндө Тез жардам чакыртуу керек. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, кардиолог Заур Шугушев Sputnik радиосунун эфиринде айтып берди.

Адистин пикиринде, нормалдуу кан басымдын төмөнкү чеги 90/60, ал эми жогоркусу 140/90 болушу керек.

"Кан басымдын көтөрүлгөнү сыяктуу эле төмөндөп кеткени дагы өтө кооптуу. Мисалы, тонометр 85/60ты көрсөтүп калганда адамга медиктер гана жардам бере алат. Ошол учурда эч кандай аракет болбосо киши өлүп калышы мүмкүн. Анткени ички органдарга кан жетиштүү барбай калат. Тирүү калган күндө да гипотониянын фонунда тез өнүгүп кетчү оорулар бар", — деди кардиолог.

Ошондой эле дарыгер кан басымы төмөндөп кеткен учурда адам алсырап, башы айланып, координациясы бузуларын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости