www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кан алып, адам өмүрүнө коркунуч келтирген илдеттерден алдын алса болот. Мисалы, аялзаты 40-45-50-55 жаштарда климакс болот. Ошол учурда жана андан кийин жок дегенде жылына бир жолу кан алдырып турушу керек. Антпесе этек кири токтоп калгандан кийин айына эки-үч күн этек кири келчү маалда аялдар буулугуп, ачууланып, өзүнө батпай, каардуу болуп калышат. Ошол учурда кан алдырса жеңилденип организм тазаланып, баягыдай каардуулуктун бири жок болуп калат.

Акыркы күндөрү өттө таш пайда болуп же боору катып калды деген учурлар арбын кездешип калды. Анын баары организмдеги жаман кандардын чыкпаганынан болуп жатканын көпчүлүк элес ала беришпейт. Кан коюланып, майда кан тамырларга кан жетпей калып, инсульт, инфаркт деген оорулардын өөрчүшүнө, алардын тездешине шарт түзүп жатканын сезишпейт. 

Кан алуу кытай медицинасында колдонулбаганы менен элдик медицинасында, тибет медицинасында дээрлик колдонулат. Адамдар кайгырып, же кыжаалат болуп, нерв системасы бузулганда кан бузулуп, дене кычышып, денеде курттар жыбырап жүргөндөй туюлат. Ошол учурда бузулган кандарды албаса, эч бир медицина сакайта албайт, дейт элдик даарыгер Кабылжан Юлдашев. 

Булак:"NazarNews"

Последние новости