www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бу маалыматты КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди. Ош облусундагы Чоң-Алай району боюнча жер титирөө алдын ала маалымат боюнча, райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын изилдөө иштеринин негизинде, Жекенди а/а жалпысынан 903 турак-үй изилденип, анын ичинен алдын ала 92 үй 1-категорияга, 204 турак үй 2-категорияга, 285 турак үй 3-категорияга, 319 турак үй 4-категорияга, 3 үй 5-категорияга киргизилген.Тактоо иштери улантылып жатат.

Жалпысынан, КР ӨКМ тарабынан 300 даана чатырдан: Шибэ айылына 21 даана, Жекенди айылына 33 даана, Чулук айылына 63 даана, Кара-Тейит айылына 90 даана жана Карамык айылына 63 даана чатырлар жеткирилип, тигилүүдө. Жер титөөдөн жабыркаган турак үйлөрдү изилдөө иштери улантылууда. Ош облусу, Өзгөн району. Жалпак-Таш а/а Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып отуруп, 05.05.2017-ж. саат 14:30 карата жалпы 30 үйдү жана 35 электр мамычасын басты жана Шор-Суусун бөгөп, суу топтолууда.

05.05.2017-ж күнү жер көчкү социалдык обьектилерге жакындап калгандыгына байланыштуу, КР ӨКМ 163 куткаруучулары жана КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынан 100 жоокерлери 1 мектептин, 1 бала бакчанын, 1 ФАПтын жана 1 мечиттин материалдарын коопсуз жайга чыгаруу иштерин жүргүзүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости