www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сынды ыр менен айткан, курч сөздөрү менен эл оозуна алынган заманыбыздын жаш акындарынын бири Бердибек Жамгырчиев менен кыскача маек курдук.

-Бердибек, поэзия дүйнөсүнө кантип аралашып  калгансыз?

-Чынын айтсам поэзияга аралашып калганыма биринчи махабатым түрткү болгон. Ал кезекте ички, сырткы дүйнөң баары таза болуп,    аруулук менен жалындаган сүйүүнү аралаштырып,  арзыганыма   ыр менен кат жазгам.  Ал убакта азыркыдай уюлдук кол телефон  жок  арзуубузду жалаң кат менен билдирип турчубуз. Мына ошондой мезгилде кат жазып жүрүп  кантип ыр жазып калганымды туйбай  калгам. Азыркы учурда сүйүүнүн баркын кетирип  “смс” эле жазып коюп жатышат. Чынында кат жазган андан да таасирдүү деп  ойлойм.  

-Биринчи жазган ырыңыз эсиңиздеби?

-Биринчи жазган ырым 9-класста окуп жүргөндө жазсам  керек.Төмөндөгүдөй ыр саптар менен катка кошуп,арзуумду билдиргем.

  Укканда сенин атыңды,

  Жүрөгүм туйлайт элжиреп.

  Окуп кой эми алтыным,

  Арманын жазды Бердибек –деген  саптар эле.

-Жазган ырларыңыздын баары эле купулуңузга толобу?

-Ырларымдын баарысын эле абдан жакшы же жаман деп айталбайм. Эл тараза эл сынчы  дегендей эл айтсын. Себеби, элден  өткөн     көрөгөчтүк болбосо керек. Ал эми ырларым өзүмдүн купулума толот десем анда кесирлик болуп калат. Айтайын дегеним,акын өзүнө   –өзү ыраазы болгон учурда  чыгармачылыгынын бүткөнү деп айтылат.Мен чыгармачылыгым мындан да жалындашын  каалабайм. Ошон үчүн мен өзүмө- өзүм  ыраазы эмесмин. Мындан да таасирдүү ырларды жазсам деген максатым бар.

-Кандай учурларда ыр жазууга эргүү  келет?

-Эргүүнүн чеги болбойт го. Ырды ар кандай учурларда жаза берем. Кырдаалга карап атайын деле убакыт койбойм. Эргүү негизи акындын өзүнө жараша келет. Эгер сен канчалык жөнөкөй ийкемдүү болсоң эргүү да сага ийилип кызмат кылат. Айтайын дегеним  жакшы адамдар менен баарлашып, пикетке чуркабай китепке чуркап, жакшы музыка угуп, табияттын койнунда көп болуунун өзү  эргүүнү чакыруунун жолдору дээр элем. Өзүң менен өзүң болуп жата берсең эргүү да оңой менен келбейт. Ошондуктан ар дайым      жан-дүйнө, жүрөк биргеликте кызматта болуп эргүүнү эле күтө бербей үндөп чакырыш  керек.

-Сиз лирик акындардын катарын толуктаймын деп ойлойсузбу?

-Мен лирик акынмын деп кесе айталбайм. Бирок ырларымдын көбү махабат темасына арналган.Ошол ырларымдын баары лирикага    жооп береби же караандабай калабы аны айталбайм.  Лирика деген өзү абдан чоң жанр.

-Көп эле айтып калышат акындар сүйүүдө туруксуз келишет деп. Сиз кандайсыз?

-Мен сүйүүдө ар кандаймын (күлүп). Албетте, туруктуу болгонго аракет кылам. Бирок  жашоодо ар бир сүйүүнүн өз орду,  тарыхы болот деп ойлойм. Жашоо бир келет, сүйүү миң келет дейт, ошол миң сүйүүнүн милдетин так аткаруу керек деген ойдомун. Акындар сүйүүдө туруксуз келишет деп эле баарын акындарга түртө салышат. Мен буга толугу менен каршымын. Сүйүүгө  акимдер же ырчылар  туруктуубу? Ошондуктан ар бир адам өзү үчүн жооп бергени дурус, себеби акын деген сөз эң ыйык сөз!

-Канча обондуу ырларыңыз бар?

-10дон ашык обондуу ырларым бар. Сыймык Бейшекеев, Султан Садыралиев, Динара Акулова, Сайра Момунбаева, Айпери    Сыдыкова, Руслан Нарынбаев, Замир Арыкбаев, Кубаныч Ажыбаев деген элибизге белгилүү адамдар аткарышат.  Андан сырткары да   жаш элге анча аты чыгып тааныла элек  ырчылар да ырларыма обон чыгарып ырдап жүрүшөт. Сүйүнгөнүм көбү хит болду.

- Учурунда хит болгон “Түштүк кызына”деген ырыңыздын жаралуу тарыхын айтып берсеңиз?

-Бир күнү Султан чалып калды. “Кайдасың”- деп. Не болуп кетти десем, “бир жакшы обон бар, ыр жазыш керек болуп жатат”-дейт.    Макул деп жолугуп бир саатча талкууладык обон мага жакты. Анан кандай темада жазуу керек экенин ойлоноюн дедим. Султан  “жеңелерге деп көрбөйсүңбү же өзүң ойлонуп көрчү акын эмессиңби” деп кетип калды. Үйгө барып ойлонгуча эле “түштүк кыздарына  деген ырым жок ошол темада жазып бербейсиңби” деп калды. Мен макул деп 2 күндөн кийин “Түштүк кызына”деген ырымды жазып  бердим. Ал ыр көпчүлүк сүйүп уккан хит ырлардын катарын толуктады.

Перизат Кутманалиева, NazarNews.kg

Последние новости