www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер, юрист Канатбек Азиз «Кыргызстан» партиясын поездден кечиккен жүргүнчү катары сыпаттап, Боршайком менен соттун чечими туурасында өз көз карашын Фейсбук баракчасына жазды.

«Чындыктын көз карашы менен: Сот жана БШК (жалпак тил менен)

2020-жылдын 24- августуна чейин өз поезддинен кечиккен жүргүнчү, кечигип калганы үчүн Темир жол компаниясынын жетекчилигин күнөөлөп, эки күндөн кийин соттун чечими менен Темир жол бекетинин жетекчилигинин чечимин жокко чыгарып, өз билеттин кайра калыбына келтирди.

Бирок, билетин кайра кайтарып алган жүргүнчү эки күн мурда кетип калган поездге, ошол курам менен кайра отургузууну талап кылат. Темир жол компаниясынын жетекчилиги жүргүнчүнүн билетти кайра кайтарып алганы менен макул болот, бирок поезд 2020-жылдын 24-августуна чейин кетип калганын официалдуу билдирип, ал поездди артка кайтарууга мүмкүн эместигин айтат.

Мындан тышкары, сот Темир жол жетекчилигин 2020-жылдын 24-августуна чейин кетип калган поездди кайтарууга милдеттендире албайт, буга соттун укугу да жок. Ал болгону билетти кайтарып берүү чечимин гана чыгарган.

Ошентип, «2020-жылдын 24-августуна» чейин кетип калган поезди Темир жол администрациясы кайра артка кайтара албайт. Эгер кайтара турган болсо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган болот жана ошол поезд менен кеткен жүргүнчүлөрдүн укугун тебелейт.

Поезд кетти. Кеткенде да жүктөрү менен Темир жол бекетине өз убагында келген, бирок билетке кошумча 5 млн. сом төлөбөгөн жүргүнчүлөр менен кетти.

Темир жолдун жетекчилиги кечиккен жүргүнчүнү кийинки, тактап айтканда 2025-жылы жөнөй турган поездге гана отургуза алат” - деп жазды Канатбек Азиз.

Последние новости